Дарыяга унаалап сүт төккөн айдоочу аныкталды. Видео
RU

Дарыяга унаалап сүт төккөн айдоочу аныкталды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

РИИБ дарыяга сүт төккөн айдоочунун өздүгүн тактады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сүттү кантип дарыяга төгүп жатканы тартылган видео тараган. Айыл чарба министрлиги бул видео былтыр тартылганын билдирди.

Бирок бүгүн, 2-майда Ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунун милиция кызматкерлери дарыяга сүт куйган айдоочунун өздүгүн тактаганын билдирди. Ал Сокулук районунун Жаңы Жер конушунда жана Жогорку Чүйдө чогултулган сүттү алып бара жаткан Сокулук районунун тургуну, 30 жаштагы Г.Г аттуу жаран болуп чыкты.

"30-апрелде сүттүн жарактуу убагы бүтүп, жеке фирмага тапшыра албай калмак. Ошондуктан сүттү агызып салыш керек болчу. Ал эми 2022-жылдын 1-майында саат 11лер чамасында, Жаңы Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү дарыяга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алган жеке ишканалар менен керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алар штаттык режимде иштеп жатышат.

Бул факты Сокулук райондук ЖИИБге катталып, тыкыр текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бирок дыйкандар сүт дагы эле кабыл алынбай жатканын айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6541