Садыр Жапаров кантип футбол ойноду. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаров кантип футбол ойноду. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-майда президент Садыр Жапаров баштаган президенттик аппараттын командасы футбол боюнча "Мурас" достук турнирине катышууда.

Иш-чара Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен уюштурулган.

Турнирди ачып жатып, мамлекет башчы өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн, андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.

"Спорт ден соолуктун булагы, тынчтыктын элчиси. Бүгүнкү турнирге башка мамлекеттердин элчилери катышууда. Бул биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан кабар берет", - деди Садыр Жапаров.

Спорттук иш-чарага 12 команда: президенттик аппарат, Жогорку Кеңеш, улуттук футбол ардагерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, дин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы, ЖМК жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес-коомчулуктар жана маданият өкүлдөрү катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6564