Мас абалындагы киши аялын сабап, уктап калган. Аялы аман калган эмес
RU

Мас абалындагы киши аялын сабап, уктап калган. Аялы аман калган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мас абалындагы киши аялын эс-учун жоготкуча сабап, уктап калган. Аялды алардын уулу көрүп калып, тез жардам чакырып ооруканага жеткирген. Тилекке каршы, аял ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сабалган Бостери айылынын 1978-жылы туулган С.Т. аттуу тургунуна дарыгерлер баш мээси чайкалган деген диагноз коюшкан. Ал комага түшкөн. Милиция кызматкерлери бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү катары - жабырлануучунун 50 жаштагы Ш.К аттуу күйөөсү кармалып, Ысык-Көл облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүүнүн айтымында 9-май күнү, кечинде аялы экөө уруша кеткен. Ал мас абалында аялынын башына жана ичине бир нече жолу урган. Аялы эсин жоготкондон кийин ал төшөккө жатып уктап калган.

Эртеси эртең менен алардын уулу 2002-жылы туулган Б.Э., үйүнө келип, апасын эс-учун жоготкон абалда көргөн. Ал тез жардам кызматын чакырып, апасын ооруканага жеткирген.

Ошентип, кечээ, 11-майда жабырлануучу эсине келбей каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6660