"Евровидение-2022" сынагын Украина жеңип алды
RU

"Евровидение-2022" сынагын Украина жеңип алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украиналык Kalush Orchestra группасы "Евровидение-2022нин" жеңүүчүсү деп аталды.

Италиянын Турин шаарында өткөн "Евровидение-2022" сынагына быйыл 40 өлко катышып, анын 25и финалга чыккан болчу. Украина 631 упай топтоп биринчиликти алып кетсе, экинчи орунду Улуу Британия, үчүнчүнү Испания ээледи.

Украина "Евровидение" сынагын үчүнчү ирет жеңип алып жатат. Буга чейин 2004 жана 2016-жылдары жеңген.

Конкурстун шартына ылайык, жеңүүчү өлкө кийинки жылы өз аймагында "Евровидиние" сынагын өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6691