Жапаров Москвага ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине учуп кетти
RU

Жапаров Москвага ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата ага мүчө-мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат.

Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага учуп кетти.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматынан аны менен кимдер кеткендигин кошо билдирди.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Мурдараак Жапаров саммитке төрагалык кылуучу тарап Армениянын чакыруусу менен 16-майда Москва шаарына барары кабарланган.

Эске салсак, эртең 16-майда Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Анда ЖККУнун алкагында маанилүү маселелер - эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу талкууланмакчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6694