Кишини унаанын капотуна отургузган боюнча айдап кеткен айдоочуга айып салынды (видео)
RU

Кишини унаанын капотуна отургузган боюнча айдап кеткен айдоочуга айып салынды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаанын капотуна кишини отургузуп айдап кеткен айдоочуга "Автобейбаштык" беренеси боюнча айып салынды. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул-күзөт кызматынан билдиришти.

УПСМ билдиргендей, айдоочуга 7,5 миң сом айып салынып, унаасы айып жайга токтотулган.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте Honda Accord унаасынын айдоочусу унаанын капотунда адамды отургузуп алып бир топ жерге айдап кеткен видео тараган.

"Унаанын капотунда болгон кишини издөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат УПКнын билдирүүсүндө.

Окуя 21-майда Жаш Гвардия проспектиси менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6773