Болот Темировдун камакка алынышын ким уюштурган? Видео
RU

Болот Темировдун камакка алынышын ким уюштурган? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Болот Темиров өзүнүн ютуб каналына көзөмөлдөөчү камерадан алынган үзүндүлөрдү жана аны камакка алуу учурун тартып алган ыкчам тобунун видеолорун салыштырган материалды жарыялады.

Эске салсак, ушул жылдын 22-январында Болот Темировду жана анын командасын ИИМдин атайын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактайт деген айыптоо менен камакка алып кетшикен. Темиров анын чөнтөгүнө күңүрт жашыл түстөгү белгисиз затты атайын салып кетишкенин бир нече жолу айткан.

Бул ирет журналист көзөмөлдөөчү камераларга тартылып калган далилдерди келтирип, Бишкек ИИББсинин видеолору менен салыштырды.

Видеодо операторго негизги милициянын тобунан кечирээк кир деген команданын берилгени так жана даана угулат.

Тинтүү процессин 1 мүнөт 2 секундага чейин тартышкан жок.

Андан кийин видеодо белгисиз эки кишинин жүргөнүн көрүүгө болот. Темировдун айтымында ошонун бирөөсү анын чөнтөгүнө баңги затын салган, ал эми экинчиси операцияны башкарып турган. Бирок КРдин жазык кодексине ылайык, бардык прецесстерди тергөөчу жетектөөгө тийиш.

Журналист коомчулукка кайрылып, беткап кийип турган белгисиз адамдарды тааныгандар болсо кабарлап коюну өтүндү.

Андан тышкары, журналист-иликтөөчү Болот Темиров дагы бир нече кылмышка шектелүүдө. Аны Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыптап, Кыргызстандын паспортун алып коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6795