Депутат Султанбай Айжигитов: Нурлан Шерипов элдин кыжырына тийип ЖКга келбей эле койсунчу
RU

Депутат Султанбай Айжигитов: Нурлан Шерипов элдин кыжырына тийип ЖКга келбей эле койсунчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Султанбай Айжигитов айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповду элди "кыжырдантып" Жогорку Кеңешке келбей эле коюуну сунуштады.

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Айыл чарба министрлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун карады.

Алишер Эрбаев антикризистик иш-чаралардын аткарылышы боюнча бир нече суроолорду берип, бирок Шериповдун бүдөмүк жоопторуна жана конкреттүү маалыматтардын жоктугуна нааразы болду.

"Алардын так эмне кылганы белгисиз? Канча дан, ун, май, кумшекер жеткиргенин айтыш керек болчу. Азыр башкармалыкта эң жакшы иштеген суу чарба бөлүмү", - деп жооп берген.

Айжигитов Эрбаев жөнөкөй суроо берип жатканын айтты.

"Булар айыл чарба министрлиги эмне кылыш керек экенин да билишпейт. Сүйлөбөйүн десең сүйлөтүшөт. Негизги нерселерди билбейт. Так жооп бербей эле айландыра беришет. Мындайча айтканда демагогия менен алектенип жатат. Билбесе, билбейм деп айтыш керек да. Элдин кыжырына тийип бул жерге келбей эле койсунчу", - деди депутат.

Ал Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерин коммерция менен эмес, өз иши менен алектенүүгө чакырды.

Ага Шерипов: "Жекеликке кирбеңиз. Сиздин компетенттүүлүгүңүздү биз да билебиз. Коммерция менен ким алектенерин да билебиз?",- деп жооп берди.

"Бирөө сөз бердиби? – деп ага ачууланган депутат залдан чыгып кетүүнү талап кылды.

Комитет төрагасы Анакан Кенжебаев Шерипов парламентке министрлер кабинетинин буйругунун негизинде келгенин билдирди.

"Анда мен расмий түрдө кайрылам, урматтуу Акылбек Жапаров, бул маселени чечип бериңиз. Эмнеге мындай жөндөмсүз адамдарды бул жерде кармап турасыз? Мындан көрө Юридикалык бөлүмгө барып, юридикалык кеңеш берсин. Айыл чарбада эмес", - дейт Айжигитов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6799