Бишкектеги ЖЭБ-2де жардыруулардын үнү угулууда. Эмне болуп жатат? Видео
RU

Бишкектеги ЖЭБ-2де жардыруулардын үнү угулууда. Эмне болуп жатат? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-майда Бишкектеги курулушу бүтө элек 2-ЖЭБде жергиликтүү тургундар жардырууларды угуп, тик учак учканын жана көп сандаган аскер кызматкерлерин да байкашкан. Аталган мекемеде "Өз ара аракеттенүү-2022" биргелешкен антитеррордук машыгуулар өтүп жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Иш-чарага УКМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, чек арачылар, милиция кызматкерлери жана дарыгерлер катышууда.

Машыгууларга УКМКнын АТК директору – УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов да катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6813