Эми энергетикалык суусундуктар кымбаттайт. Себеби
RU

Эми энергетикалык суусундуктар кымбаттайт. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы өз билдирүүсүндө 1-июлдан тарта Кыргызстандын аймагына сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарды (энергетикалык) өндүрүү жана ташып келүүдө акциздик салык салынарын эскертти.

Тагыраагы Министрлер кабинетинин 22-февралдагы токтомуна ылайык, ар бир 1 литрге 10 сом салык төлөнөт.

Мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат. Бул суусундуктар 18 жаштан жогоркуларга гана сатылышы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6894