Саламаттыкты сактоо министринин жаңы үч орун басары дайындалды
RU

Саламаттыкты сактоо министринин жаңы үч орун басары дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары болуп Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, дайындоолор "Кыргызстандын министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык ишке ашырылган. Тиешелүү чечимдерге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Ошондой эле Бүбүжан Арыкбаева өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери болуп дайындалды.

Буга чейин Kaktus.media Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан четтетилген учурда Саламаттыкты сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарарын билдирген. Тагыраагы Жаркынбек Касымбеков официалдуу түрдө орун басар жана убактылуу министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6940