Башкы прокурордун милдетин убактылуу ким аткара турганы белгилүү болду
RU

Башкы прокурордун милдетин убактылуу ким аткара турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Молдокматов буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Башкы прокурордун милдетин Абай Молдокматов убактылуу аткарат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Молдокматов буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Өлкө башчы Зулушевди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6942