Индияда кыз өзүнө-өзү турмушка чыкты. Себеби эмнеде?
RU

Индияда кыз өзүнө-өзү турмушка чыкты. Себеби эмнеде?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиянын Гуджарат штатынын Вадодара шаарынын жашоочусу өзүнө-өзү турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Кшама Бинду аттуу кыз үлпөт той өтүүчү жайды жана датасын өзү белгилеген. Ал түгөйлөр баш кошкондо аткарылуучу бардык ырым-жырымдарды каада-салтка ылайык аткарган.

Бул Гуджарат штатында өзүнө-өзү турмушка чыккан алгачкы учур болуп калды. Кыздын айтымында, анын мындай чечими өзүнө болгон сүйүүнүн символу. Ошондой эле ал өзүнө-өзү баш кошуу (сологамия) тууралуу интернеттен көп окуганын, бирок Индиядан мындай учурду таба албаганын айткан.

"Мен такыр турмушка чыккым келчү эмес. Бирок мен келин болгум келди, ошон үчүн өзүмө турмушка чыгууну чечтим. Балким, мен биздин өлкөдөгү өзүнө болгон сүйүүнү даңктай алган алгачкы адам болом.

Бул үлпөт мен үчүн өзүмдү кабыл алуу актысы. Адамдар жакшы көргөн түгөйү менен баш кошот. Мен өзүмдү чексиз сүйгөндүктөн бул үлпөттү уюштурдум", – деген ал.

Маалыматта кыздын ата-энеси анын чечимин колдогонун жана 2 аптага Гоага бал айына барары айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6949