Көп уктоо эмненин белгиси экенин эксперт айтып берди
RU

Көп уктоо эмненин белгиси экенин эксперт айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көпкө чейин уктоо семирүү, диабет жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу URA.RU сайтына сомнолог, кардиолог, терапевт, ESRS эл аралык деңгээлдеги уйкунун бузулушу боюнча эксперт, медицина илимдеринин кандидаты Надежда Бурко билдирди.

"Уйкунун жетишсиздиги же анын ашыкча болушу ден соолугубузга терс таасир тийгизет. Айталы, баш оору, чарчоо пайда болот. Өтө көп жана өтө аз уктоо жүрөк оорулары, диабет, семирүү жана тынчсыздануу тобокелдигин жогорулатат. Кээ бир учурларда депрессия же түнкүсүн уйку учурунда дем алуунун токтоп калуусу (апноэ) менен шартталган ашыкча уйкусуроо пайда болушу мүмкүн. Бул учурда ооруну аныктоо жана дарылоо талап кылынат",-дейт Надежда Бурко.

Медициналык психолог Олег Долгитский көп уктоо ден-соолукка кандайдыр бир көйгөйлөр бар экенинен кабар берерин тастыктады. "Бул катуу чарчаганды билдирип, ал тургай депрессиянын жана астениянын белгиси болушу мүмкүн. Адатта, уйкунун узактыгы сегиз сааттын тегерегинде болушу керек. Эгерде бул убакыттын ичинде организм калыбына келүүгө үлгүрбөсө, анда организмде кандайдыр бир бузулуулар бар", - деп белгиледи эксперт.

Психологдун айтымында, көпкө уктоо организмдин калыбына келүүгө убактысы жетпей жаткандыгын белгиси. "Бул ораганизмге көп басым болуп жатканын көрсөтүшү мүмкүн. Мындай учурда стресстин деңгээлин көтөрүүчү факторлорду азайтуу сунушталат. Сейилдөө, көнүгүү жасоо сунушталат", - деди Долгитский.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6975