Өзбекстанда кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды
RU

Өзбекстанда кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Отурумга элчи Муса Жаманбаев, "Кыргыз тили" коомунун төрагасы Райымжан Курбанов, Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Джаббаров, "Өзбекстан-Кыргызстан" достук коомунун директору Зухриддин Исомиддинов жана Өзбекстан Республикасында жашаган кыргыз диаспорасынын башка өкүлдөрү да катышты.

Жыйындын алкагында Райымжан Курбанов белгилүү кыргыз адабиятынын инсандарынын ырларын аткарып, республикалык коомдун атынан кыргыз тилин үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына "Ыйык тил" төш ​​белгилерин тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6984