9-июнда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт
RU

9-июнда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Баха" суу өткөргүчүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 9-июнда саат 9.00дөн 23.00гө чейин борбордун айрым райондоруна таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынын билдирди.

Таза суу Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү Абдрахманов көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев көчөлөрүндө, ошондой эле Сары -Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар, 105 контур жана Селекция конуштарында өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6986