Ноокатта үч эм төрөлдү, аларга жер бөлүп берүү убадаланды
RU

Ноокатта үч эм төрөлдү, аларга жер бөлүп берүү убадаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокат районунун 36 жаштагы тургуну Ракыя Сабырова үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу жергиликтүү акимиаттан билдиришти.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Данир Иманалиев жана айыл өкмөттүн башчысы Д.Көчкөнов ымыркайлардан кабар алып, белектерин жана акчалай жардамдарын тапшырышты.

Аким айыл өкмөт башчысына жер трансформация болоору менен турак жай курууга жер бөлүп берип, курулуш материалдарынан жардам берүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7023