Польшада маймыл чечегин жуктурган алгачкы учур катталды
RU

Польшада маймыл чечегин жуктурган алгачкы учур катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Польшада маймыл чечегинин биринчи учуру тастыкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Адам Недзиельский маалымат жыйынында билдирди.

"Бизде маймыл чечеги бар деп шектелген онго жакын үлгү бар, алар азыр текшерилип жатат. 10-июнь болсо, оору катталган биринчи учур", - деди Недзиелски.

Маймыл чечеги менен ооруган бейтап ооруканада изоляцияда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7026