Бритни Спирс турмушка чыкты
RU

Бритни Спирс турмушка чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-июнда 40 жаштагы ырчы Бритни Спирс сүйүктүүсү, 28 жаштагы актёр жана фитнес боюнча машыктыруучу Сэм Асгариге турмушка чыкты. Бул маалыматты Асгаринин өкүлү Associated Press агенттигине тастыктаганын Meduza билдирди.

Үйлөнүү тою Лос-Анжелесте өтүп, ага 60ка жакын коноктор катышкан. Атактуулардын арасында Мадонна, Дрю Бэрримор, Пэрис Хилтон жана анын апасы Кэти болгон.

Эске салсак, Спирс менен Асгари 2016-жылы ырчынын "Slumber Party" клибин тартуу учурунда таанышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7030