Россияда кыргызстандык пенсионерди өлтүрө сүздү
RU

Россияда кыргызстандык пенсионерди өлтүрө сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда кыргызстандык пенсионерди сүзүп алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен билдирди.

7-июнда Жуковский көчөсүндөгү №59-үйүнүн алдынан 1999-жылы туулган М.уулу А., жүк ташуучу унааны башкарып баратып, унааны артка берүү учурунда, кокустан пенсионерди сүзүп алган. Жыйынтыгында жабыркаган жаран ооруканада каза болгон.

Учурда Кыргызстандын жаранына кылмыш иши козголуп, тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7031