Аял чогуу жашаган эркекти өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп салган
RU

Аял чогуу жашаган эркекти өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новопокровка айылында короодо курулуш иштери жүрүп жаткан учурда жарым жылдан ашык изделип жаткан адамдын сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүүгө шектелип, аны менен чогуу жашаган аял кармалган.

Маалым болгондой, кечээ, 10-июнда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери 10-июнь күнү саат 14:30дар чамасында Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринин сарайынын артындагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан учурда кык баскан чакан чуңкурдан адамдын скелеттүү жансыз денеси табылганын аныкташкан.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыштын белгилери боюнча РИИБге катталган.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан өлүктүн өздүгү такталган. Ал 2021-жылдын декабрынан бери дайынсыз жоголгон 1977-жылы туулган З.Э. Буга чейин апасы уулун табууга жардам сурап кайрылган.

Андан соң ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун ИИБнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын жана Ысык-Ата районунун ИИБнын кызматкерлери аны менен чогуу жашаган 1969-жылы туулган М.А. аттуу аял кармалган.

Шектүүнүн сүрөтү.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында саат 22:00дөр чамасында үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам аял чогуу жашаган эркекти бычак менен сайып өлтүрүп, аны үйдүн короосуна көмүп салган.

Милиция кылмышка шектүү мурда өлтүрүлгөн адамдын дайынсыз жоголушу боюнча жалган көрсөтмө бергенин билдирди. Учурда ал Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7034