Бир сутка ичинде үч бейтап ооруканада каза болду. Себеби иликтенүүдө
RU

Бир сутка ичинде үч бейтап ооруканада каза болду. Себеби иликтенүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайрадан социалдык тармактарда саламаттыкты сактоо министри Жаркынбек Касымбековго дарыгердин шалаакылыгына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылуу тарады. Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунун тургуну тууганынын кесарево операциясы учурунда түтүкчөнүн кесилиши унутулуп калганын айтып арызданган.

Бул жолку кайрылуу Токтогул шаардык ооруканасында бир күндө үч адамдын өлүмүнө байланыштуу. Кайрылуу жасаган авторлорунун айтымында, бул бир дарыгердин күнөөсү менен болгон имиш.

"Дарыгерлердин шалаакылыгынан эл өлүп жатат. Буга ким жооп берет? Тартипке чакыргандар болобу, же Токтогул шаардык ооруканасы дарылабай эле өлтүрүп калабы? Саламаттыкты сактоо министрлиги, көңүл буруңуздар", - деп айтылат кайрылууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков Kaktus.media сайтынын редакциясына комментарий берип жатып, ведомство окуядан кабардар экенин, комиссия түзүлүп иликтене турганын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7035