Крандын 123 миң сомдук кабелин уурдаган эки шектүү кармалды
RU

Крандын 123 миң сомдук кабелин уурдаган эки шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте курулуш кранынын кабелин уурдаган эки шектүү кармалды. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул кабелдин баасы 123 миң сомду түзөт.

27-майдан 28-майга караган түнү белгисиз адамдар Анкара көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө мыйзамсыз кирип, крандын 123 миң сомдук кабелин уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-4 ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.У., жана 1999-жылы туулган М.Д. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Буга кошумча, алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7036