"Садыр, стадион!" Күйөрмандар президенттен жаңы стадион талап кылышты. Видео
RU

"Садыр, стадион!" Күйөрмандар президенттен жаңы стадион талап кылышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээки Кыргызстан менен Мьянма курама командаларынын беттешинде кыргызстандык күйөрмандардын бир бөлүгү президент Садыр Жапаровго жаңы стадион куруп берүүнү талап кылышты.

Мындай чакырык трибунанын Садыр Жапаров жана башка саясатчылар турган VIP зонанын жанында жайгашкан бөлүгүнөн жасалган.

Окуянын күбөсү Kaktus.media сайтына билдиргендей, алгач күйөрмандар: "Садыр, стадион!" деп кыйкырып, бирок милиция кызматкерлери келгенден кийин, эл жөн эле "Жаңы стадион!" деп кыйкырышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн жаңы стадион куруу маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Былтыр декабрь айынын башында Кыргызстанда футболдун 100 жылдыгына арналган салтанатта президент Садыр Жапаров 2022-жылы Кыргызстанда эл аралык класстагы футбол стадиону курула турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7038