Садыр Жапаров кыргызстандыктарга вертолёттон кайрылуу жасады
RU

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга вертолёттон кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Билдирүүсүндө туристтик сезондун башталышына байланыштуу кыргызстандыктарды меймандос болууну суранат.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө.

Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү.

Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилениздерден көз каранды.

Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет",-деп жазган президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7040