Садыр Жапаров учкан вертолет кимге таандык
RU

Садыр Жапаров учкан вертолет кимге таандык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-июн күнү, эртең менен Садыр Жапаров Кыргызстанда туристтик сезондун башталышына арналган билдирүү жарыялаган эле. Президент бул посттун Ысык-Көлдүн үстүнөн вертолет менен учуп бараткан сүрөтү менен чыгарган.

Белгилей кетсек, мамлекет башчыда президенттик вертолет жок. Ал эми президент барган вертолет Ага Хан фондуна таандык. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчасында билдирди. Вертолеттун модели - Agusta-Bell AB139.

Ошол эле учурда бул фонддун вертолетун Садыр Жапаровдон башка дагы жетекчилер колдонушкан.2018-жылы ошол кезде өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген Сапар Исаков Ошко Ага Хан фондуна тиешелүү вертолет менен учуп кеткен. Коомчулук ошондо бул фактыны көңүл сыртында калтырган эмес. Анткени ал этика жана коопсуздук маселеси эле. Мамлекеттик эмес вертолетторду жогорку бийлик өкүлдөрүнүн колдонуусу опурталдуу болушу мүмкүн.

Маселен, учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап турган Марат Иманкулов ошондогу Сапар Исаковдун аракетин сындап, Бишкектен Ошко мындай (бир гана тарапка) учак менен учуу бюджетке 200 миң сом чыгым алып келгенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7046