Билим берүү министрлиги окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоону карап жатат
RU

Билим берүү министрлиги окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоону карап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү министрлиги окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоону карап жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматта, буга чейин ата-энелерден жана мугалимдерден окуу жылын 1-сентябрдан баштоо тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөнү айтылат. Мындан улам комиссия түзүлгөн.

"Өтүнүчтөрдү эске алуу менен эски график кайра кайтарылып, кийинки окуу жылы 1-сентябрдан башталышы мүмкүн", - деп билдирди башкармалык.

Эске салсак, 2021-жылы мектептерде сабактар ​​15-сентябрда башталып, 2022-жылдын 8-июнунда аяктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7050