Алтынбек Эргешов президенттик аппараттын бөлүм башчысы кызматынан бошотулду
RU

Алтынбек Эргешов президенттик аппараттын бөлүм башчысы кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтынбек Эргешов КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин өздүк булактар Kaktus.media сайтына Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп келген Арзыбек Кожошевдин ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына Алтынбек Эргешов келерин жазып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7064