Бишкекте кыргыз тайганына арналган көргөзмө өтөт
RU

Бишкекте кыргыз тайганына арналган көргөзмө өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-июнда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде "Бабалардын баа жеткис мурасы: Тайган" тарыхый-археологиялык, этнографиялык жана экспонаттык материалдардын тематикалык көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн пресс-релизде айтылат.

Ачылышта архивдик фото жана видеоматериалдар көрсөтүлөт.

"2018-жылдан бери "Кыргыз тайганы" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Бул көргөзмөнүн аркасы менен жалпы коомчулукка кыргыз тайганы жөнүндө ишенимдүү жана толук маалымат берүү пландалууда

Учурда көргөзмөгө ар кандай экспонаттар – тайгандын элеси түшүрүлгөн жыгач, коло, чопо, таш, кездеме, кагаз жана башка материалдардан жасалган буюмдар кабыл алынууда. Ошондой эле түрдүү булактардан алынган илимий, адабий жана маалыматтык материалдар тартууланат.

Эң мыкты материалдарга сыйлыктар ыйгарылат.

Көргөзмө 15-30-июнь аралыгында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7068