Кыргызстанда сасык тумоологондор көбөйүп жатат, алардын көбү балдар
RU

Кыргызстанда сасык тумоологондор көбөйүп жатат, алардын көбү балдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп баратат. Бул тууралуу Жугуштуу, паразитардык илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Билдирүүдө, 6-12-июнь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан 3404 учур катталганы айтылат. Көрсөткүч өткөн аптага салыштырмалуу бир пайызга көбөйгөн. Эң өкүнүчтуүсү ооруга чалдыккандардын 77 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзгөн.

Динара Оторбаева курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын көбөйүшү туруксуз аба ырайы менен шартталышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7077