Окуучуларга дин сабагын берчү мугалимдер кылдаттык менен тандалат
RU

Окуучуларга дин сабагын берчү мугалимдер кылдаттык менен тандалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022–2023-окуу жылынан баштап мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Айтылуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жаңы окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын берүүгө мугалимдер тандалып алынат.

Арыз берген талапкерлердин документтери кылдаттык менен каралат. Талапкерлерде "Теология" багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же "Тарых мугалими" квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7109