"Үйүмөн ажырадым". Казакстандык аялга алдангандар сот иши узартылганына нааразы (видео)
RU

"Үйүмөн ажырадым". Казакстандык аялга алдангандар сот иши узартылганына нааразы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-июнда Октябрь РИИБинде алдамчылыкка шектелген Казакстандык жарандын соттук иши башталды. Ал социалдык тармактар ​​аркылуу Кыргызстандык жарандарды алдап акчасын алган деген шек менен кармалган.

Убакыт жетпей калгандыктан, сот отуруму 20-июнга калтырылды. Сот кийинкиде ондон киши келгиле деп өтүндү.

Ал эми жарандар ушинтип узарта берсе, иш жабылып калат деп коркушат.

"Жабырлануучулар көп, 700 дөй киши. Аздан келсе жылдарга созулуп кетиши мүмкүн",- дейт жабырлануучулардын бирөөсү.

Алардын арасынан өз атын айткысы келбеген дагы бир аял ушунун айынан үйсүз калганын айтат.

"Мен өз үйүмдү сатып, акчасын ушул жакка салгам. Азыр акча төлөп батирде жашап жатам. Андан башка үйүм жок", - дейт жабырлануучу.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 2021-жылдын сентябрь айынан бери социалдык тармактар ​​аркылуу элге батир алып берүүнү убадалаган. Жабырлануучулар алдын ала батирге акча төлөшү керек болуп, ар кандай өлчөмдө беришкен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Казакстандын жараны 1989-жылы туулган Б.А.нын өздүгү такталып, кармалган.

Шетүүнүн ушул сыяктуу 55 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Милиция башка дагы ушул адамдан жабыркагандар болсо 0554 10 21 64, 0706 23 33 06 жана 102 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7112