Тайчабаровдун айтымында кыргыз кыздары чет өлкөгө сойку болуп иштеш үчүн барат
RU

Тайчабаровдун айтымында кыргыз кыздары чет өлкөгө сойку болуп иштеш үчүн барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Москвада кыргыздын кыздары сойку болуп иштей баштаганын көрүп, Турцияда иштеген кыздардын 30 пайызы сойку болуп жатат." Минтип "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, түрк жана араб өлкөлөрү кыргыз кыздарын оңой эле алдаса болорун билип калышкан.

"Бул демилгени илгери эле Ыргал Кадыралиева сунуш кылган. Ал жыргаганынан сунуш кылган эмес. Так что, Атазов жаңылык кылган жок. Аны герой да, антигерой да кылбагыла! Чынында түрк-араб өлкөлөрү кыргыздын кыздары оңой алданаарын билип калышыптыр. Турцияга көбү сойку болуп иштеш үчүн барганы илгери эле маалым болчу.",-деп айтты.

Тайчабаров кыргызстандык кыздар өздөрү эле кымбат баалуу телефонго, машинага акча табаларына ишенбейт.

"Кече жакында бир жаңылык уктук. Дубайга бир жумага "эс алганы" барган кыргыз кыздары жашына карап 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин иштеп келип жатышыптыр. Ошол себептен жаш эле кыздар машина минип, айфон 13 көтөрүп, ресторандардан башы чыкпайт экен. Кыргыздын белгилүү эле ырчы, актриса, блогер, модель кыздары ушинтип иштеп жүргөнүн угуп шок болдук. Өзгөчө инстазвездалар ушинтип жан багышат тура."

Белгилей кетсек, "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси кыргызстандык жаш кыздар чет өлкөдө сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жүргөнү тууралуу эч кандай тастыкталган маалыматтарды келтирген жок. Кыязы, ал тааныштарынын байкоолоруна шилтеме кылып жатса керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7116