Эт тартыш болуп соодагерлер өздөрү да эт жебей калышты
RU

Эт тартыш болуп соодагерлер өздөрү да эт жебей калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин базарларында эт тартыш болуп, кымбаттап кетти.

Акыркы убакта, базарга келип түшкөн эттин саны он эсеге кыскаркан. Мурда Аламүдүн базарына бир күндө 30-40 малдын эти алынып келинсе, өткөн аптада бир-экиден гана келген

Соодагерлер эттерди Өзбекстан сатып алып жатканын айтышууда.

"Азыр Өзбекстандан тирүү мал алынып жатат, ошон үчүн эттин баасы көтөрүлүп кетти. Бизге эттин килограммын 435-440 сомдон алып келип жатышат, бул суммага сөөк-майы кошо кирет. Ал эми Өзбекстанга тирүү малдын эти киллограмдап алганда 250 сомдон жөнөтүлүп жатат", - дешет сатуучулар.

Соодагерлердин айтымында, бир гана сатып алуучулар эмес, өздөрү да эт жебей калышкан.

"Мына, өзүбүз мындай калдыктарын жейбиз. Анткени бизге деле кымбат", - дешет алар.

Айыл чарба министрлиги менен Мамлекеттик антимонополия баары көзөмөлдө деп жарыялоону улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7117