Блогер Баткендеги милиция бөлүмүнө унаа белек кылды. Видео
RU

Блогер Баткендеги милиция бөлүмүнө унаа белек кылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги Айдаркен айылдык милиция бөлүмүнө блогер Гүлдесте Калматова унаа белек кылды.

Айдаркен шаарынын тургуну жана DESTE Official ютуб каналынын жетекчиси Калматова кылмыштуулук иштерди өз убагында токтотуу үчүн, милиция бөлүмүнө унаа белек берген.

Ал эми блогерге Кадамжай РИИБнин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каты тапшырылды.

Белгилей кетчү нерсе, Айдаркен айылдык милиция бөлүмү эки айыл аймакты, башкача айтканда, 27 миң 500 адамдын коопсуздугун камсыздайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7122