"Сорос Кыргызстан" фондунун экс-жетекчиси Чынара Жакыпова суракка чакырылды
RU

"Сорос Кыргызстан" фондунун экс-жетекчиси Чынара Жакыпова суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-билим берүү министри, "Сорос Кыргызстан" фондунун мурдагы жетекчиси Чынара Жакыпова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчаларында билдирди.

Жакыпованын айтымында, кечээ, 16-июнда түштөн кийин УКМКдан эки жигит келип, андан кылмыш иши боюнча суракка келүүнү талап кылышкан. Бирок алар кайсы кылмыш иши боюнча экенине түшүндүрмө беришкен эмес.

Кийинчерээк ал "Сорос Кыргызстан" фондунун имараты боюнча чакырылганы белгилүү болгон. Жакыпова күбө катары суракка чакырылган.

1992-1993-жылдары Чынара Жакыпова Кыргызстандын билим берүү министри болуп иштеген. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен. И.Арабаев атындагы КМУнун жаңы тарых кафедрасынын башчысы болду. 1994-жылы көз карандысыз болгон "Политика" гезитин негиздеген, бирок бийлик тарабынан гезит тез эле жабылган. 1994-жылдан бери "Сорос-Кыргызстан" Фондунун аткаруучу директору болуп, дээрлик беш жыл иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7124