Реалдуу сүрөттөрбү? Жүргүнчүлөр вагонунун оңдолгондон кийинки кооз көрүнүшү
RU

Реалдуу сүрөттөрбү? Жүргүнчүлөр вагонунун оңдолгондон кийинки кооз көрүнүшү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-июнда "Кыргыз темир жолу" жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондун бет ачарын өткөрдү. Мындай вагондорду ички каттамга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Кыргыз темир жолу түзүлгөнүнө 30 жыл болду. Ушул убактан бери жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду ала элек. Иштен чыккан вагондорду өз күчүбүз менен модернизациялоону чечтик. Жыйынтыгы жакшы болду деп белгилейт.

Адистер конструкциясын өзгөртпөстөн, техникалык документациянын талаптарына ылайык кузовду чыңдашты. "Кыргыз темир жолу" анын бекемдигин жана коопсуздугун текшерүүдөн өткөрдү.

Анын терезелери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулган. Отургучтар ыңгайлуураак жана заманбап орундарга алмаштырылды. "Кышкы-жайкы" кондиционер, суусундуктарга муздаткыч орноттук, жаңы чоң экрандуу телевизорлор орнотулду.

Ошондой эле, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу жабдыктар орнотулду.

Маалым болгондой, унааны модернизациялоо тышкы инвестицияны тартпастан, ишкана тарабынан жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7125