Аты жок менен чыпалагын түздөй албагандардын холестерини жогору болот дейт дарыгер
RU

Аты жок менен чыпалагын түздөй албагандардын холестерини жогору болот дейт дарыгер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манжаларды түздөөдөгү кыйынчылыктар денедеги холестериндин жогору экендигин көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Daily Express басылмасына дарыгер Дебора Ли билдирген.

Дарыгердин айтымында, мындай оору "Дюпюитрендин контрактурасы" деп аталат. Ал пайда болгондо, аты жок менен менен чыпалакты толук түздөө мүмкүн эмес. Бул оору көбүнчө кант диабети, тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди ичкенден тышкары холестериндин деңгээли жогору адамдарда кездешет.

"Колдун төртүнчү жана бешинчи манжаларынын тарамыштары жыйрылып, тартылып калат. Ушундан улам аларды толук түздөө кыйын болуп калат. Убакыттын өтүшү менен манжалар алаканга чейин ийилип калат", - деп түшүндүрдү дарыгер.

Жашоо образы да холестериндин деңгээлине таасир этиши мүмкүн. Эксперттин айтымында, майлуу тамактарды жана шекерди көп колдонуу, тамеки тартуу, стресс жана кыймылсыз жашоо образы да холестериндин көбөйүшүнө таасирин тийгизет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7127