Токаев 1-даражадагы "Манас" орденинен баш тартты
RU

Токаев 1-даражадагы "Манас" орденинен баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев президенттик ыйгарым укуктары аяктаганга чейин ата мекендик дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды албай коюуну чечти. Бул маалыматты Tengrinews.kz сайтына Акорданын басма сөз кызматы тастыктады.

Блогер Ербол Эдиловдун айтымында, орус тарап Касым-Жомарт Токаевди Александр Невский ордени менен сыйлоону сунуштаган.

"Казакстандын башчысы сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирди. Бирок ал президенттик ыйгарым укуктары аяктаганга чейин ата мекендик да, чет элдик да сыйлыктарды албай коюуну чечти. Ушул эле себеп менен жакында Бишкекке болгон сапарында президент Кыргызстандын эң жогорку 1-даражадагы "Манас" орденинен баш тартты",-деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7129