Күндүн сүрөтү: Шевченко UFC куру менен Кыргызстандын желек жана гербинин жанында
RU

Күндүн сүрөтү: Шевченко UFC куру менен Кыргызстандын желек жана гербинин жанында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC уюмунун дүйнө чемпиону Валентина Шевченко Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен жолугушкандан кийин социалдык тармактардагы баракчасына Ак үйдө тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

Спортчу ал сүрөттөрүнүн бирин социалдык тармактардагы расмий баракчаларына профилдик сүрөтү катары жайгаштырган.

Кыргызстандык колдонуучулар Валентина Шевченкого өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн символикасын дүйнөгө таанытканы үчүн өзгөчө жылуу маанайда ыраазычылык билдиришсе, башка колдонуучулар ал келечекте президент катары бул "Ак үйдү" башкарышы мүмкүн деп тамашалашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7137