Өзбекстан сары дарбыз өстүрө баштады. Сүрөт
RU

Өзбекстан сары дарбыз өстүрө баштады. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ташкент облусунун Ахангаран районундагы чарба сары дарбыз өстүрө баштады.

Сары дарбыз – жапайы жана кадимки дарбыздан алынган гибрид. Сыртынан караганда, сүйрү же тегерек формага ээ. Кабыгы жашыл жана жылмакай. Мөмөнүн ичи сары, орточо салмагы 1,5 кгдан 4-5 кгга чейин жетет.

Сары дарбызда данектер аз же такыр жок болушу мүмкүн. Даамы манго, лимон жана ананасты эске салат. Дарбыздардын сары сорттору кызылга караганда бир аз эрте бышат. Баасы дагы кызылга караганда бир аз жогору.

Дарбыздын бул түрү дүйнөлүк рынокто жана биздин өлкөдө жакында эле пайда болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7148