Ош базарынын мафиясына каршы митинг өтүүдө. Видео
RU

Ош базарынын мафиясына каршы митинг өтүүдө. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөт үйүнүн жанында Ош базарынын соодагерлери стихиялуу сооданын мафияларына каршы митингге чыгышты.

Катышуучулар мафиянын лидери деп эсептелген Дилором Кадырованы актаган Ленин районунун судьясы Таалайгүл Кадырованы кызматтан алууну талап кылышууда.

"Дилором Кадырова мени жер тилкесин сатууга мажбурлап, андан соң шериктеринин жардамы менен мени союп кетем деп коркуткан", - деди митингчилердин бири.

Анын айтымында, Кадырованы Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин бири болгон жолдошу Алтынбек Караев колдойт.

"Анын жардамы менен ал алгач үй камагына бошотулуп, андан соң бардык эпизоддор боюнча акталган. Эгерде акыйкаттык болбосо, мен өзүмдү өрттөйм, жогото турган эч нерсем жок", - деп белгиледи дагы бир нааразылык акциясынын катышуучусу.

Митингчилер "стихиялуу соода мафиясынын лидерлерин" кармап, жоопко тартууну талап кылышууда.

"30-июнда шаардык сотто Кадырованын иши боюнча сот процесси болот, бирок ал боштондукка чыгып, азыр акчанын жардамы менен ишти жаап салам деп баарын коркутуп жатат", - деди митингдин катышуучусу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7163