Кыргызстанда семиз балдар көбөйүп баратат
RU

Кыргызстанда семиз балдар көбөйүп баратат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда ашыкча салмак жана семирүү менен жабыркаган балдар көбөйүп баратат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда балдардын семирүү көйгөйүнө арналган тегерек столдо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.

"Балдардын семирүүсү гипертония, кант диабети жана башка көптөгөн оорулардын пайда болушуна шарт түзгөн факторлордун бири болуп саналат, алар кийинчерээк адамдын өмүрүн кыскартат", - дейт Артыкова.

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда ашыкча салмактуулук жана семирүү 7 жашка чейинки балдар арасында көп кездешет.

Балдардын ашыкча салмактуулугу эң көп таралган аймак Бишкек шаары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7169