"Бул балама, мага эрим же жигитим алып берсин". Назира Айтбекова үйлү болду
RU

"Бул балама, мага эрим же жигитим алып берсин". Назира Айтбекова үйлү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова өз күчү менен үй алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Сүйүнчү, өз күчүм менен тырмышып алган экинчи үйүм. Бирични үйүмдү апама белек кылдым. Экинчиси уулума.

Аябай кубанып, жетине албай жатам. Ушул эки кишиге орун очок жасап коюп, өзүмдүн турмушумду курат элем", - деп жазган актриса.

Андан сырткары мага эрим же жигитим алып берсин чет өлкөдөн деген тамаша сөзүн да кошуп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7175