Айчүрөк Иманалиева: Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою элесиң көз алдымда болор.
RU

Айчүрөк Иманалиева: Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою элесиң көз алдымда болор.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева уулун жоктоп, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп, отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос! Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жаратканым сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болор. Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, эшикти ачып, кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да, эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. "Аркы дүйнөнүн жыргалын көр" деп тиленгенден башка айлам жок", - деп жазды.

21-июнь каза болгон Арген Иманалиев ырчы айымдын тун уулу, 1987-жылы туулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7178