"Шоколадный заяц" ырын ырдап таанылган Пьер Нарцисс каза болду
RU

"Шоколадный заяц" ырын ырдап таанылган Пьер Нарцисс каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Фабрики звезд" телепрограммасынын катышуучусу Пьер Нарсисс операция учурунда каза болгон. Россиялык басылмалар бул окуя кечээ, 21-июнда болгонун жазып чыгышты.

Ырчынын кызы анын бөйрөгүнө операция жасалып жатканда көз жумганын билдирди.

Пьер Нарцисс 45 жашта болчу. Ал "Фабрики звезд - 2" долбооруна катышып, хит болгон "Шоколадный заяц" ыры менен кеңири таанылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7192