Мыйзамсыз даават өткөрүп тыюу салынган динге үгүттөгөн жаран кармалды
RU

Мыйзамсыз даават өткөрүп тыюу салынган динге үгүттөгөн жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Суу районунда Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынына үгүттөгөн жаран кармалды.

Кылмышка шектүү Ак-Суу районунун Орлиное айылынын 53 жаштагы К.Н. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал буга чейин профилактикалык каттоодо турган.

Кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган материалдар (дисктер, дептерлер, баракчалар) табылган.

Табылган материалдар экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясынын мазмунун көрсөткөн.

Эске сала кетсек, "Йакын инкар" кыймылынын ишмердүүлүгү 2017-жылы экстремисттик деп таанылган, ага чейин Кыргызстан аймагында эркин иштеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7200