Сапар Исаков Акылбек Жапаровго: Менин байлыгымды издеп кажети жок, колуңардан келбейт
RU

Сапар Исаков Акылбек Жапаровго: Менин байлыгымды издеп кажети жок, колуңардан келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сапар Исаков Жогорку Кеңеште айтылган Акылбек Жапаровдун айткандарына комментарий берди. Текстти Исаковдун атынан Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Facebook баракчасына жарыялады.

Жогорку Кеңеште айтылган анын Москвадагы бизнеси тууралуу кептер ушак экенин айтты.

"Матраимовдун кишилери баштап менин Москвада ресторанды куруп жатканым тууралуу ушак айтыла башташты. Акылбек Жапаров болсо мага карата чыккан соттук чечимдерди эске салууда. Кыязы, мени да кандайдыр бир мүлктү мыйзамдаштырып алат деп коркуп жатса керек. Мага силердин мыйзамыңарды колдонуунун кажети жок, анткени менде рестораным, медициналык клиникаларым же базарларым жок. Колуңардан келсе менин бизнесимди таап, элге көрсөткүлө! Андай колуңардан келбейт.

Бир кезде менин "байлыгымды" издеп абдан аракет кылган Сооронбай Жээнбеков да таба алган эмес, алтургай чет өлкөлөрдөн да издешкен, эч нерсе таба алышкан эмес! Ал эми Акылбек Жапаровдун канча мейманканасы, үйү жана башка байлыктары бар экенин бүт өлкө билет. Башкасын айтпаганда да, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кайсы акчасына жеке мейманкана курууга жетишкен?

Мен сотко барбайм, СИЗОдогу кечээки өлүмдөрдөн кийин менин эмне үчүн сотко бара албай турганымды эл түшүнөт. Бирок мен өлкөдө эмне болуп жатканына көз салып турам. Эмне болуп жатканын эл да байкап турат. Чыныгы уурулар мыйзам алдында жооп бере турган мезгил албетте келет, жакынкы күндөрү. Ошол себептен урматтуу бийлик, элибиздин башын айлантып, калп маалыматтарды бербей такталган маалыматтарды таратып, колуңардан келген ишти айткыла мага асылбай", - деп кайрылган ал.

Эске салсак, кечээ, 22-июнда Жогорку Кеңеште капиталга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Депутат Шайлообек Атазов Сапар Исаков Москвада ресторан куруп жатканын билдирди. Акылбек Жапаров убакыт ага дагы келерин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7221