Кыргызстандык спортчулардын парадга кийчү формасы аныкталды. Сүрөттөр
RU

Кыргызстандык спортчулардын парадга кийчү формасы аныкталды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын курама командасы парадга кие турчу форманын дизайнын тандаган сынак жыйынтыкталды.

Сынакта 7 катышуучу өздөрүнүн идеясын сунушташкан. Жыйынтыгында "Baira" бренди жеңишке ээ болду.

Биринчи турда атайын түзүлгөн комиссиясы бардык катышуучулардын эмгектери менен таанышып, эң ылайыктуусун тандап алышкан. 2-турда добуш берүү социалдык тармактар ​​аркылуу өткөн.

Конкурстун жыйынтыгы:

  • Baira (улуттук форма) - 3 411 добуш;
  • Baira (спорттук экипировка) - 2 624;
  • Элвира Султангазиева (улуттук форма) - 2 555;
  • Mantis (спорттук экипировка) - 1 043;
  • Асема Кубанычбекова (спорттук экипировка) - 623;
  • JOMA (спорттук экипировка) - 188;
  • Адеми Арт (улуттук форма) - 159.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7227