Илон Масктын баласы жынысын жана атын өзгөртөт
RU

Илон Масктын баласы жынысын жана атын өзгөртөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Илон Масктын 18 жаштагы баласы жынысын жана атын өзгөртөт. Анын бул өтүнүчүн Лос-Анджелестин соту канааттандырды.

Ксавье Маск эми Вивиан Дженна Уилсон болот. Уилсон - өспүрүмдүн апасынын фамилиясы. Жакында туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк алат.

Эске сала кетсек, Маск менен канадалык жазуучу Джастин Уилсон 2000-жылы баш кошкон. Джастин Ксавье менен Гриффинди аттуу эгиздерди, андан кийин үч эмди төрөгөн.

Баса, Ксавье биологиялык атасы менен эч кандай байланышта болгусу келбей турганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7229